www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө. Анда Кумтөр боюнча түзүлгөн комиссиясынын төрагасы депутат Акылбек Жапаров баяндама жасап жатат. 

«Өлкөдө бийлик алмашкан сайын Кумтөр боюнча комиссиялар түзүлөт. Комиссиялардын баары улам мыйзам бузууларды, кемчиликтерди табышса деле, кыргыз тараптын шарттарын бир аз жакшыртымыш болушат. 30 жылдан бери убактан бери Кумтөрдүн маселеси аягына чыкпай келет?

30 жыл мурда «Камека» компаниясы тендери жок, кадыр-барктуу компанияларды пайдалуу сунуш бергенине карабастан Кумтөрдү иштетүүгө укук алган. Өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген келишимге 1993-жылы кол коюлган», - деди Жапаров.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Эске салсак, 12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын» билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости