www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин пенсиясына кошулуп берилүүчү жөлөк пул алынып салынышы керек. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык акча коопсуздук кызматкерлери үчүн жөлөк пул берүүгө сарпталат.

«Биз жакында бюджеттин кароосун өткөрдүк. 20 жыл иштеген ички иштер органдарынын кызматкерлерине пенсия төлөө үчүн жылына 3 миллиард сом, пенсияга ар кандай кошумча төлөмдөр үчүн 3 миллиард 700 миллион сом бөлүнүп берилет экен. Алардын пенсиясын жана айлыгын өз акчабыздан төлөп беребиз. Эмгек акынын өлчөмүн көтөрүү керек, бирок пенсияга үстөк акыларды алып салуу абзел. Генералдарга жана башчыларга берилүүчү жөлөк пулдар айлык акыга кошумча бойдон калсын, бирок пенсияга тиешеси болбосун”, - деди Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости