www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев бир эле Батукаев үчүн эмес, андан башка 14 кылмыш иши боюнча жооп бериш керек, мындай коркунучтуу кылмышкерди ким чыгарганга духу жетет?

Атамбаевди эркиндикке чыгаруу, бул кыргыз элин тебелеп-тепсөө, кордоо, эл катары эсептебегендик болуп саналат. Себеби Атамбаев биздин байлыгыбызды, балдарыбыздын ырыскысын уурдап, ар бир кыргыз атпайдын мойнуна дээрлик 1000$ дан карыз илип, Кытайга сүйлөй албай турган тили кысык байкуштарга айлантып койбодубу?

Эгер Атамбаевдей 14 кылмыш ишине күнөө коюлуп жаткан коррупционер түрмөдөн чыга турган болсо, коррупция менен күрөшүп эмне кыласыңар?

Элди момпосуй менен алдаган баладай кылбай тим эле койгула. Жаңы кармаган коррупционерлер деле Атамбаевдей болушуп, эки айдан кийин эркиндикке чыгышат. "Следствия менен кызматташты" деген жакшы шылтооңор бар экен. Аны башы иштегендер адамдар: коррупционер уурдаган акчасын следователдер, прокурорлор, соттор менен бөлүштү деп түшүнөбүз.

Союз убагы болгондо, Атамбаевдин ар бир кылмышы бирден атууга кете турган кылмыштар эле. Атамбаев чыга турган болсо, түрмөдө эч ким олтурбаш керек.

Башкача айта турган болсок: эгер Атамбаев эркиндикке чыга турган болсо, анда Бакиев келип өлкөнү башкарсын. Бакиевдей эч ким башкара албайт.

Сыртынан ачык айтыша албаган менен, ошондой экенин бүт баары билишет, а түгүл Бакиевди кетирген УӨттүн мүчөлөрү, Бакиевди жаман көрүшкөн жер бөлгөн трайбалистер да билишет, Бакиев болгондо алигече гүлдөп кетээрибизди. Эмне үчүн чыныгы кылмышкер чалчаңдайт, каалаганын кылат, кааласа боштондукка чыгат, элди топтоп тополоң уюштурат, балдары парламентке барышат, соратниктери президенттикке өздөрүн коюшат?

Ал эми кыргыз элинен чыккан чыныгы лидер Бакиевге: өлкөгө келиш мүмкүн эмес, соттошуп өзүн актап алганга мүмкүнчүлүк жок, өлкөдө болгон баардык кесепеттер ага жүктөлөт, туулган жеринин бир көчөсүнө атын коюп болбойт, жакындары, балдары, кыздары парламентке өздөрүн кое албайт, өлкөгө келе алышпайт? Эмне деген теңсиздик?

Баарыбыз бир өлкөдө жашасак, улутубуз бир болсо. Монголоид, негроид, европоид деп бөлүнгөндөй өңү түсүбүз окшош болсо? Анда эмне үчүн Атамбаевге бардык нерсе жарашат, ал эми Бакиевге болбойт? Бир гана себеби болушу мүмкүн, аны айтпай коюшка да болбойт. Анын себеби: Атамбаев Түндүктөн, Бакиев Түштүктөн.

Мен эмнеге нараазымын билесиңерби? Кудай Атамбаевдей дөөдүрдү Түштүктүн, ал эми Бакиевди Түндүктүн кулуну кылып жаратпаганына өкүнөм. Андай болгондо, түндүк эли Бакиевди башына көтөрүшүп, өмүр бою президент кылышып алып жүрүшмөк. "Зато" өлкөбүз өнүгүп, жашообуз оңолмок. Кыргызстан алигече Орто Азиядагы эң өнүккөн мамлекет болмок.

Ал эми Атамбаевдей ууру, ушакчы, жалаачы, коррупционер уулубузду биз түштүк эли давно тарбиялап алмакпыз: хандын кызындай чолчоңдотпой, эркелетпей, чалчаңдатпай. Бир кем дүйнө дегени ушул окшойт, аттиң.

Шамурза Борукулов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости