www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт өз ишин так аткарбай, салык чогултканда бир топ каталарды жасап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, ал саясатка келгенден бери өлкөдөгү эң бай үч олигарх менен иштешкен. Бирок, алар ошол байлыгына карабай мамлекетке салык төлөөдөн качып келишет.

«Кыргызстан эгемендүүлүктү алганына 30 жылдын жүзү болсо, мына 30 жылдан бери жарандар мамлекетке милдеттүү түрдө салык төлөшү керек. Буга карабастан, эгемендүүлүктөн тартып эле салыктан баш тартып, качып жүргөндөр бар.

Мына мен, өлкөдөгү эң бай үч олигарх менен иштештим. Данияр Үсөнов, Өмүрбек Токтогулович жана Алмаз Шаршенович менен.

Мамлекет ким көп каражат тапса, ошондон көбүрөөк салык чогултуп, колунда жок ,калктын аярлуу катмарына берет. Бул – Өкмөттүн функциясы.

А бизде Өкмөт тескерисинче ошол контрабанданы коргоп, салык албай кайра ошол олигархтардын саясий партисы менен парламентке келип алардан көз каранды болуп, алардын мыйзамсыз иштерин жаап-жашырып жатышат. Мына ошолорду коргоп-колдогону үчүн өлкөдө тынымсыз революция болуп жатат», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости