www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бажыдагы, салыктагы коррупциялык иштерди тыкыр көзөмөлдөп, “чычканга кебек алдырбагандай” шартта иштеп атканын айткан.

Бирок жакында эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бажыдагы, салыктагы каражаттарды эске алып, “солго кеткен” миллиондорду бюджетке түшүрөрүн каңкуулады. Фокус көрсөтүп калганыбы? Ошондо Камчыбек Ташиевдин короосуна таш ыргытып аткандагысыбы?

Же кошумча салык алуу, бажынын кирешелери көбөйүп кетеби? Инвестиция илгерилебей атканда, Кыргызстандын казынасын кайдагы миллиарддар менен толтурат?

Айтор, суроолор көп. Акырында Акылбек Жапаров айткандарын аткара албай калып, президент эскерткендей, жоопкерчилиги жардын кырына илинеби?

Жогору жактагылардын баамында, Акылбек Үсөнбекович сөзүнөн адашып, убадаларын унуткарып кетсе жөн калбайт го? Соңку убакта маанайы начарлап калганы жөн жерден эмес сыягындай...

Булак: Азия News гезити

Последние новости