www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир Бол» фракциясынан депутат Акылбек Жапаровго коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгону өзгөчө прессада дүңгүрөп, а эл ичинде ар кандай талкуулар жаралды. Колдогондорго караганда табасы кангандар арбын болууда.
Жүрөктү «шуу» эткизген мындай суук кабардан соң Акылбек мырза үйүнө Замир карыны (Кочкордон чыккан касиеттүү, окууну Египеттен бүтүп келген билимдүү молдону) чакырып, дем салдырып, жеңилдеп алганын эшиттик. Ошондон тарта шайдоот мүнөз күткөнү - сыйкырлануу жолунун ийгиликтүү болгонун тастыктайбы?
Баса, 2010-жылдын 6-апрелинде Жапаров эски режимдин ишенимдүү жоокери, 1-вице-премьер-министр катары Таласка барып, тополоң чыкканда колго илинбей таза чыгып кеткени, жазаланбай калганы, ал эми министр Молдомуса Конгантиев колго түшкөнү эсибизде.
Сыягы, каарманыбыз дуба аркылуу жолун ачып, кыйынчылыктардан дайыма буйтап кетүүнүн жолун өздөштүргөнбү? Эми да төбөсүнө айланган кара булутту үлөтүп, би-ир жолун тапса керек да...
Булак: "АЗИЯnews"