www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки күн мурун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кадамжайдагы “Бел-Алма” көмүр кени боюнча кылмыш иши козголгондугу боюнча маалымат таратышты. Ал эми айрым маалымат каражаттары аталган кенди Жогорку Кеӊештин депутаты Улан Примовго байланыштырып, кылмыш ишине депутаттын тиешеси бардыгына төлгө салып жиберишти. Маалымат деген абдан чоӊ күчкө ээ да.
Коомчулукта депутаттар деле кылмыш кылышат турбайбы деген таӊыркоо орун алып, албай жатып каарман Улан Примов: “Мен Улуу орозонун күнүдө айтайын, аталган “Бел-Алма” кенине таптакыр тиешем жок”-деп тарс жарылды. Башка учур болсо мейли эле. Эми ушул так орозо маалында ким бирөөнү жаманатты кылыштын канчалык зарылчылыгы бар эле дейм да.
Албетте, Улан мырза баягы “жебеген самсага пул төлөгөндөй” абалда калып жатканда чындыкка орозону көпүрө кылууга аргасыз да. Примов “Бел-Алма” кенине кыпындай дагы тиешеси жок экендигин бүгүн эле айтып чыккан жок, буга чейин нечен ирээт баса белгилеген.
Булак: "de-facto"