www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Акылбек мырза, Ат-Башы аймагына логистикалык борбор курулушунун айланасында коомчулукта маселе актуалдуу болуп жатат. Бул борбор курулса, экономикалык келечеги кандай болот жана бизге кандай келечек тартуулайт?
-- Кытай мамлекети дүйнө жүзүндөгү биринчи өлкөгө айланып бара жатат. Жакынкы он жылдын ичинде Американы кууп жетет. Кытай – бул чоң океан. Ушу ири өлкөнүн илеби менен, агымы аркылуу Кыргызстан экономикасын көтөрүп алуусу керек. Кытай менен кошуна болгондон кийин алардын тилин, дилин, табиятын, керек болсо салтын дагы билип алганыбыз ашыктык кылбайт. Соода-сатыкты жасаганды деги илгертен билебиз. “Сухопутный порт” деп коёт, Кытайдын товарларын дүйнө жүзү боюнча сатканды да үйрөнүп алдык. Ушундай жакшы жактарын колдонуп калышыбыз керек.
Бүгүнкү күндө элди тынчсыздандырып жаткан эң чоң коркунуч – бул “өз жерибизди сактап кала алабызбы?” деген маселе болуп жатат. Бул боюнча биринчи президент Акаев эң жакшы иш кылып, Кытай менен болгон чек араны тактап кетти. Эми ошол чек араны эч жакка жылдырбай, так иштеп, ак иштеп, чек арабызды коргоп алышыбыз керек. Бирок, азыр бул боюнча түшүндүрүү иштери кечеңдеп жатат. Формалдуу лидерлер: аким, губернатор, министрлер, депутаттар жакшы түшүндүрө албагандыктан, формалдуу эмес лидерлер астыга чыгып кетип жатат. Алардын дагы толук кандуу маалыматы жок болгондуктан, ар кандай бүдөмүк ойлор пайда болууда.
Бизге логистикалык борбор керек. Кытай эле эмес, Россия менен да логистикалык борбор болсо жакшы болот эле. 500 миң фермерибиз КамАЗ менен Россияга каттап, кандай убара болуп жатышат? Керек болсо, түштүктө бир, түндүктө бир Россиянын дагы логистикалык борборлору курушулу керек. Эгерде Өзбекстан менен соода-сатык кылабыз десек, Өзбекстан менен чек арага логистикалык борбор салууну да колдойм.
-- Айрымдар “жерди 49 жылга ижарага берип салды, сатып салды” деп нааразы болуп жатышат...
-- Эч кандай жер эч кимге берилген жок. Жер Кыргызстандыкы бойдон калууда. Кыргыстанда катталган ЖЧК “Нарын эркин экономикалык аймагынын” 200 гектар жерин 49 жылга ижарага алууда. Товарлардын баары Кытайдан ошол аймакка төлөмү, салыгы жок келет. Чыгып жатканда салык төлөнөт. Бул ыкма бүт дүйнө жүзү боюнча колдонулат. Мисалы, Беларуста 1,5 гектар жерди арендага беришти. Алар “Каменная стена” деп коюшуп, өздөрүнүн темир жолу менен келген кампа, завод-фабрикаларындагы визасы жок кытайларды ошол аймакка киргизип жатышат. Мен эмне үчүн “койго да паспорт берели” деп жатам? Конок келип бир сүйүнтөт, анан кетип бир сүйүнтөт. Биз конокторубузду көрүп турушубуз керек. Ушундай ачык-айкындуулук болсо, өлкөгө канча инвестиция келип жатат, ал инвестициянын аркасында ким турат, ошол инвестициядан канча жумушчу орун түзүлдү, канчасы биздин жарандар – баарын билүүгө болот. “Солтон-Сарыда” жаңжал чыкканда деле “жумушчулардын 80 пайызы Кытайдын жарандары экен” деп айтып жатышты. Эми жумуш аябай оор болот экен, биз андай оор жумушка чыдамыбыз жок экен. Биздин жумушчулар иштей албай койгондо, алар өздөрүнүн даяр кадрларын алып келишкен. Ошондуктан, ушулардын баарын алдын ала ойлонуп, анан кыйкырыш керек го? Кыргыз өкмөтү деле дароо эле 49 жылга берип койбойт. Беш жыл сайын отчетун алып турабыз. Биз дагы конкреттүү шарттарды коюп беришибиз керек. “Отходдору каякка кетет?” деп эл да туура маселе коюп атат. 280 млн. доллар менен келсе, эмне деген технологиялар келет? “Кытайдын эски техникасы эмес, европалык стандартка, экологиялык талаптарга жооп берген техникалары келсин” деген да бир чети туура. Жылына бир жолу ошол жерде жашагандар кирип, кимдер иштеп, кантип иштеп жатышканын көрүп турушса жакшы. Ачык-айкындуулук болсо, инвесторлор келет.
-- Кытайдан чыккан коронавирустун кедергиси биздин экономикага да тийип жатканын айтуудасыз. Кайсы жагынан тийип жатат?
-- Кытай – биздин расмий эмес, бирок эң ири соода өнөктөшүбүз. Базарда иштеп жаткан биздин соодагерлерибиз абдан чоң зыян тарта башташты. Базарлар эле эмес, ири соода түйүндөрү дагы сезе башташты. Биз жашылча-жемиштердин, кийим-кечелердин дээрлик көбүн Кытайдан алып келчүбүз. Ошондуктан, чек аранын жабылышы биздин экономикабызга түздөн-түз таасир этти. Салыктын көлөмү басаңдап, жумушчу орундар дагы кыскара түштү. Ушундай жат көрүнүштөр болууда. Ошол эле учурда жакшы жагы да жок эмес. Чек аралардын жабылганынан пайдаланып, контрабандалык жол менен кирбегидей кылып чек араларыбызды оңдоп алсак болот. Дал ошого мүмкүнчүлүк болуп турат.
-- Өкмөттөгү кадрдык алмашуулардан эмне күтсөк болот?
-- Мен эч кандай деле чоң жаңылык күткөн жокмун. Тилекке каршы, быйыл шайлоо жылы. Саясый өнөктүк башталып калды. Буга чейин жасалбаган жумуштун баары эми такыр эле жасалбайт. Анткени, баары саясый упай топтоо менен алек. Бир нерсе кылайын десең, бирөөгө жакшы көрүнөсүң, бирөөгө жаман көрүнөсүң. 2020-жыл – “бүт баарына жакшы көрүнөбүз” деген жыл. Өкмөткө келген-кеткендер эч нерсе деле өзгөртпөйт. Азыркы келген вице-премьер-министр жок дегенде фискалдаштырууну ордуна коюп, инвестиция тартып, акчанын көлөмүн көбөйткөнгө аракет кылса, жакшы иш кылган болот эле. Ошондон үмүтүбүз бар.
Динар ТУРДУГУЛОВА
Булак: "АЗИЯnews"