www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеӊештин жыйынында  салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун арттыруу максатында иштелип чыккан “Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Салык кызматынын маалыматына караганда, ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн адегенде ал чөйрөдөгү ченемдик укуктук актылар Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин талаптарына шайкеш келтирилүүгө тийиш.

Депутат Сайдулла Нышанов иш жүзүндө салыктык эмес төлөмдөр толук чогултулбай жатканын баса белгиледи.

“Айрыкча көңүл ачуу жайлары ар айдын жыйынтыгында дегеле киши келбегендей отчет берип, жарыбаган төлөм төлөшөт. А, чындыгында акыбал андай эмес да. Ал эми оюн-зоок өкүлдөрү таптакыр эле көзөмөлдөн сырткары калышты. Ошондуктан, тийиштүү органдар бул багытта чараларды көрүп, алардын ишине көзөмөлдү күчөтүшү керек”, - деп кошумчалады ал.

“Мурда дагы, азыр дагы төлөмдөр толук чогултулган жок. Чогултулган каражаттар жөнүндөгү маалыматтарда да айырмачылык болуп жатат. Мисалы, өкмөт өкүлү 150 млн сом чогулду десе, Жайыт комитетинин өкүлү 114 млн сом дейт. Ушу кантип болсун”, - деп депутат Максат Сабиров дагы ушундай көрүнүш жайыттарды пайдалануу жаатында бар экенин айтты.

Белгилей кетсек, өкмөт өкүлүнүн берген маалыматына караганда, 2019-жылдын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдөн 715 млн сом көлөмүндө каражат түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости