www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башынын тургундары Логистикалык борбордун курулушуна каршы экендигин айтып, кайрадан нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлады.

Маалыматка караганда бүгүн, 6-февралда Ат-Башы районунун Калинин айылында чогулган элдин саны 500гө жеткен.

Жергиликтүү элдин көпчүлүгү, премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Жогорку Кеңешинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, «Жергиликтүү тургундардын арасында Ат-Башы айылындагы логистикалык борбордун курулушу тууралуу биз тараптан ар кандай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Биз алар менен сүйлөшүү жүргүзүлгөндүктөн Ат-Башы эли бул курулушту колдойт деп толук ишеним менен айта алабыз. Жаштар азыр туруктуу киреше ала турган жерде иштегиси келет. Бул маселени терс багытта болгону бир 20-30 адам көтөрүп, элди дүрбөтүп жатат. Долбоорду дыкат билбеген адамдар гана алардын чакырыктарын колдоп жатышат. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, мүмкүнчүлүк бар болсо сиздер да эл менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, долбоордун маанилүүлүгүн айтып берүүңүздөрдү суранып кетет элем», - деп билдирген сөзүнө нааразы экендерин айтып чыгышты.

Тургундар, Ат-Башыда курула турчу логистикалык борбордун курулушуна,  терс багытта болгону  20-30 адам каршы чыгып жатпагандыгын, жалпы Ат-Башылыктар каршы экендигин жана бийликтегилерге ишенбөөчүлүктөрүн билдиришти.  

Эске салсак, 2019-жылдын 11-декабрында Нарын облусунун Ат-Башы районунда соода-логистикалык борборду куруу үчүн Ат-Башы районуна караштуу Ак-Талаа айыл өкмөтүнө тиешелүү 200 гектар жер «Нарын» эркин экономикалык аймакка 49 жылга ижарага берилген. Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоордун баасы 289 млн доллар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости