www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдөн 715 млн сом түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы Молдошева Динара билдирди. Анын айтымында ушул жылы Мирбек Атабеков менен Бек Борбиев эң көп сый акы алган.

Жогорку Кеӊеште салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун арттыруу максатында иштелип чыккан “Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Салык кызматынын маалыматына караганда, ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун жакшыруу үчүн адегенде ал чөйрөдөгү ченемдик укуктук актылар Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин талаптарына шайкеш келтирилүүгө тийиш.

Депутат Сайдулла Нышанов иш жүзүндө салыктык эмес төлөмдөр толук чогултулбай жатканын белгиледи. “Айрыкча көңүл ачуу жайлары ар айдын жыйынтыгында дегеле киши келбегендей отчет берип, жарыбаган төлөм төлөшөт. Чындыгында кырдаал андай эмес. Ал эми оюн-зоок өкүлдөрү таптакыр эле көзөмөлдөн сыртта калышты. Ошондуктан, тийиштүү органдар бул багытта чараларды көрүп, алардын ишине көзөмөлдү күчөтүшү керек”, - деп кошумчалады ал.

Депутат Максат Сабиров дагы ушундай көрүнүш жайыттарды пайдалануу жаатында бар экенин айтып: “Мурда дагы, азыр дагы төлөмдөр толук чогултулган жок. Чогултулган каражаттар жөнүндөгү маалыматтарда да айырмачылык болуп жатат. Мисалы, өкмөт өкүлү 150 миллион сом чогулду десе, Жайыт комитетинин өкүлү 114 млн сом дейт. Ушу кантип болсун”, - деди ал.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров жайыт төлөмдөрүн чогултуу жаатында 1 миллиард сомдон ашуун мүмкүнчүлүк жатканын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости