www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Акылбек Үсөнбекович, кесиптешиңиз Камчыбек Жолдошпаев айрым депутаттардын коомдук унаада жүргөнүнө уялып жатканын айтты. Сиздин пикирди уксак?

– Ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша жүрөт да. Депутатпы, жөнөкөй адамбы ким болбосун шартына карайт да, туурабы? Унаасы бары унаа менен келсе, айрымдар маршрутка, такси, автобус менен келе берет дегендей. Жолдошпаев кандай ойдо айтты билбейм, жеке мен коомдук унаада депутаттардын жүргөнүнө уялбайм дагы, таң калбай дагы.

– Өзүңүз акыркы жолу качан коомдук унаага түштүңүз эле?

– Ооба, кээде түшөм. Айдоочумду күтүп калганча деп маршруткага түшүп кете берем. Айрым учурда кичинекей кызымды ээрчитип да түшөм. Азыр бизден бардык айдоочуларды алып салбадыбы. Өзүм машина айдаганды көп жактырбаймын. Андыктан туш келген коомдук унаанын кызматын сөзсүз колдоном. –

Депутаттардын кызматтык унаалары боюнча маселени кайра карап чыгууга каршы экенсиз да демек?

– Жогорку кеңештин кызматтын машиналардан баш тартып коомго чоң сигнал берди. Муну башка мамлекеттик жогорку кызматтагылар улап кетсе болмок. Мисалы, өкмөттөгүлөр, сот тармагындагылар жана башка мамлекеттик жогорку кызматтагылар баш тартып бюджетти үнөмдөсө болмок. Тилекке каршы депутаттардын кызматтык унаасын алып коюу жөн гана саясат болуп калды. Ал унаалардын баарын сатып, бала-бакча же үй жайы жокторго үй алып берсе жакшы болмок деп ойлойм. Тескерисинче бизден тартып алып башкаларга берип койду. Алар деле өкмөттүн эсебинен бензин куюп, айдап жүрүшөт. Бул жерде эмне утуш болду деген суроо туулат?! 120 депутаттын баардыгыа дебейм, кээ бирлерине, мисалы машинасы жокторго кызматтык унаа берип деле койсо болмок.

Булак: "Де-Факто"

Последние новости