www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-февралда Кошмо Штаттардын Спорттук гимнастика боюнча федерациясынын жетекчилигиндеги төртүнчү адам кызматтан кетүүгө арыз жазды. Буга федерациянын мурдагы башкы дарыгери гимнаст кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталып, 175 жылга эркинен ажыратылганы түрткү болду.

АКШнын Спорттук гимнастика федерациясынын башкы дарыгери Ларри Нассардын сексуалдык зомбулугуна 54 кыз кабылган. Олимпиаданын эки жолку чемпиону Эли Райсман алардын бири. ​

- Ларри, мен сени менен бетме-бет жолугуу үчүн бул жакка атайын келдим. Өзүң көрүп тургандай, ошончо кордук көрсөм да тирүүмүн. Мен азыр сени менен Австралияда таанышып, анан алданып калган секелек эмесмин, - деди Райсман сотто көрсөтмө берип жатып.

Эли Райсман дарыгер ага 2012-жылы Лондондо Олимп оюндары өтүп жатканда асылганын кошумчалады.

Ларри Нассарга каршы сотто көрсөтмө берген 144 аялдын арасында Элиден башка дагы Олимпиада чемпиондору бар.

Алардын көбү федерация өкүлдөрү гимнаст кыздардан түшкөн арыздарга көңүл бурбай, дарыгердин кылыктарын жаап-жашырганын айтышкан.

Өкүм окулгандан кийин догдурдун сексуалдык кысымына кабылгандар бири-бирин кучактап, ыйлап жатышты.

54 жаштагы Нассар буга чейин балдар тартылган порнотасмаларды сактаганы үчүн соттолуп, 60 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Ушул тапта анын үстүнөн дагы арыздар түшүп, сот процесси уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости