www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн транспортторду каттоо департаментинин бир нече кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган департаменттин кызматкерлери ЕАЭБдин аймагынан сырт өлкөлөрдөн Кыргызстанга ташылып келген кымбат баадагы автоунааларды каттоодо мыйзам бузууга жол беришкен.

Тагыраагы “Лексус LX570”, “Мерседес-Бенц GL500” жана “Мерседес-Бенц ML63 AMG” үлгүсүндөгү транспорттордон бажы төлөмдөрү керектүү өлчөмдө алынган эмес. Натыйжада мамлекетке 4 миллион сомдой каражат түшпөй калган.

Кызматкерлерге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-пункту ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 350-беренесинин 1-3-пункту ("жалган документтерди даярдоо") боюнча айып тагылууда. Факт боюнча тергөө иштери уланып жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости