www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн маалымат кызматы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султан шаарына болгон жумушчу сапарындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтердин тизмесин жарыялады.

Алар:

  • Кыргызстандын аймагында дүң бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы ("Жол картасы");
  • 2022-2024-жылдарга "Алматы — Бишкек" экономикалык коридорунун референс-лабораторияларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;
  • Кыргызстандын министрлер кабинети жана Казакстандын өкмөтү ортосундагы Борбор Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим;
  • "Ак-Тилек" жана "Карасу" өткөрүү пунктуларынын аймагында индустриялык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы.

Эске салсак, Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапары менен барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости