www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары Өзбекстандын Маданият министрлигинин кызматкерлери иш күндөрү улуттук баш кийим — такыя кийип жүрүшү керек болот. Бул тууралуу өлкөнүн маданият министри Озодбек Назарбеков Telegram-каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, министрликтин жетекчилиги бул демилге менен улуттук каада-салтты жайылтууда үлгү болууну көздөөдө.

Назарбековдун видеокайрылуусунда министрликтин тебетей кийген кызматкерлери көрсөтүлгөн. "Мен бардык тармактын өкүлдөрүн, сүрөтчүлөрдү, патриотторду жана ыктыярчыларды бул демилгени колдоого чакырам", — деди министр.

эске салсак, буга чейин Өзбекстандын Маданият минстрлиги 25-декабрда Ташкентте өткөрүү пландалган орусиялык жана украиналык блогерлердин катышуусундагы TikTok Fest аттуу фестивалга тыюу салган. Мекеменин билдирүүсүндө "фестиваль социалдык тармактарда сынга алынганы", "жаштардын аң сезимине туура келбеси" жана өзбек элинин "улуттук менталитетине каршы келери" жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости