www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Гуманитардык жана экономикалык билимдер бөлүмүнүн Философия жана саясий­укуктук изилдөөлөр институту жана Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз­ Россиялык Славян университети тарабынан “Акын агартуучулардын философиясы” аттуу окуу­усулдук куралы жарык көрдү.

Аталган басылмада XIX­XX кылымдагы кыргыз философиясынын тарыхындагы акын­ агартуучулар – Молдо Нияз, Нур Молдо, Жеңижок, Ныязалы Молдо Эсенгул уулу, Алдаш Молдо, Ысак Шайбековдордун чыгармачылыгына таасын баа берилген. Бул эмгектин өзгөчөлүгү ­ өткөн кылымдарда аталган акындар бир жактуу гана бааланып келгендиктен , бул сапар тарыхый чындыкты калыбына келтирүүгө аракет жасалды.

Окуу куралы агартуучулардын жашап өткөн доорлорунун социалдык­маданий жагдайы, алардын жеке өмүрүндөгү жана чыгармачылыгындагы урунттуу учурларын эске алуу менен жазылды. Кыргыз адабият таануучуларынан жана философторунан ким биринчи болуп тигил же бул агартуучунун мурасын изилдеген жана кандай баа бергенине дагы басым жасалды. Андан сырткары акын агартуучулар эмгекте кыргыз элинин салты боюнча улуулата коюлду:

1. Молдо Нияз (1823­1896)

2. Нур Молдо (1838­1920)

3. Жеңижок (1860­1918)

4. Ныязалы Молдо Эсенгул уулу (1866­1916)

5. Алдаш Молдо (1874­1930)

6. Ысак Шайбеков (1880­1957)

Аталган китеп Улуттук Илимдер Академисынын академиги, философия илимдеринин доктору, профессор, Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун илимдин философиясы кафедрасынын башчысы Аскар Какеев, филология илимдеринин кандидаты, К.Карасаев атындагы БГУнун Үзгүлтүксүз жана аралыктан (дистанттык) билим берүү институтунун Гуманитардык билимдер кафедрасынын башчысы Дамира Осмоналиева тарабынан жазылды. Ошондой эле ЖОЖдун студенттери, магистранттары, аспиранттары үчүн жана кыргыз философиясынын тарыхына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Булак: “Майдан.kg"

Последние новости