www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын флагманы болгон Кыргыз улуттук университети дагы бир тагдыр чечээр шайлоо өнөктүгүнүн алдында турат. Май айынын 27не белгиленген ректорду шайлоодо жети адам ат салышаары белгилүү. Бул шайлоо эски менен жанынын, прогрессивдүү күчтөр менен кыргызча консервативдик маанайдагы “сен мага тийбе мен сага тийбейм” позициядагылардын күрөшү болчудай.
Дегеним билим берүү тармагын дээрлик төрт жылга жакын башкарып бийликтин камчысын катыра чапкан Канат Садыков бул шайлоодо”мен гана женишим керек” деп, өзүн фаворит санап эч бир талапкерди бучкагына теңебей турган чагы. Бизде адат болуп калгандай декандардын баары үзүлүп түшүп, административдик персоналдын баары (кыскасы экс ректор Чынара Адамкулованын командасы) азыркы и.о. ректор тарапка өтүп алар үчүн жаңы (а коом үчүн эски) “жаңы шефти” колдоп” өйдө жактын буйругу дешип бизде ашмалтай болгон” жетекчилик “басым кысымдарды баштап калган чагы.
Өлкөбүз КУУнун реторун эле эмес Президенттик ЧОҢ шайлоонун алдында турат. Мындай шартта мурдагы ишмердигинде мандемдуу иштерге көп малынган, жетекчи катары күмөн санаткан Канат Садыковду түртүү бийлик үчүн аброй алып келбейт. Муну бийлик да туура түшүнөт себеби калрыс чечим менен коомго анын ичинде өзгөчө илимий интеллигенцияга жаман көрүнүп алуусу мүмкүн.
Эгер сөз башынан болсо “экс шеф” билим берүү тармагынын эки тизгин бир чылбырын колуна ууштап турганда бир катар мандемдуу иштердин башында турган.
Атап айтсак өлкөнүн башкы көзөмөл органы болгон башкы Прокуратура Өкмөт башчысына Канат Садыковдун ээлеген кызматка татыксыздыгын карап көрүү маселесин боюнча кайрылган. Ага себеп 2013-жылдын 27-ноябрында Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитурентти мыйзамсыз кабыл алдыруу боюнча мандемдүү иш себеп болгон.
2014-жылдын 12 майында болсо УКМКнын тергөө башкармалыгы Билим берүү министирлигинин жооптуу кызмат адамдарына жана КРСУнун жетекчилигине 24 абитурентти мыйзамсыз кабыл алдыруу боюнча кылмыш иши козголгон.
Эң кызыгы Өкмөттүн: жожго тапшырууга ЖРТдан 110 дон кем эмес бал алган абитуренттер гана укуктуу деген токтомуна каршы келген буйрук аны менен эле токтогон эмес. Ошол эле студенттер контракттык негизден бюджеттик бөлүмдөргө которулушкан. Алабитуренттердин 45-55 бал алгандары да болгон. Көрдүнузбү окурман Өкмөттүн бакандай бир өкүлү болуп туруп Канат Садыков өкмөттүн саясатына ачык эле каршы иштеген.
Экс министирдин керек болсо өз чечимине да каршы чыгып койгон “көк жалдыгы” көп байкалат. Атап айтсак министир кезинде ушул азыр өзү ректор болгусу келип жаткан КУУнун ректорун чагылгандай тездик менен кызматтан алып көздөй кишиси, өзүнүн өкул атасы И.Исамидиновду ректор кылып дайындаганда байкалган.
Андагы ректор А.Акунов“ бир окуу жайда бир гана административдик түзүм болсун” деген министирликтин буйругун аткарып коллеждерди бириктирип, институттарды факультетке айландыруу аракетин баштаганда дал ушул К.Садыков оппозициялык маанайдагы окутуучу, декандарды мобилизациялап А.Акуновду мыйзамсыз алып ордуна жердеши,өкүл атасы И.Исамидиновду ркуторлука бекиткен.
Эң эле кызыгы А.Акуновдун: мен министирликтин буйругун аткардым деген жүйөөсүнө К.Садыков: министирлик буйрук чыгарды “ деп эле аткара бересинерби деп чырды териштирүүгө келгенде окуу жайдын жамаатын таң калтырган. К.Садыков кожосундай колдоп дайындаган ректор И.Исамидинов КУУда проректорлордун санын он экиге жеткирип, ж.б. дагы эки үч эпизод менен иш козголуп Кытайга качып кеткен. Ошондуктан Жамаат арасында эми К.Садыков ректор болсо өкул атасы И.Исамидиновду кайра алып келип оң колу кылып алат деген ирээнжүү бар.
К. Садыковдун ашкере тууганчылдыгын, тууганчылдыка келгенде принциптен ткз эле тайып кетээрин төмөндөгү дагы бир инциденттен байкоого болот.
Борбор калаада ЕврАзиялык университет деп аталган окуу жай бар . бул окуу жайы өздөрүнүн лицензиясын мыйзамсыз узартып студенттерди кабыл алып жатканын өкмөттүк комиссия далилдеп бул маселе министирликтин коллегиясында каралган. Эң кызыгы аталган окуу жайдын учредителдеринин бири министирликтин лицензиялоо жана акредитациялоо инспекциясынын башчысы Канат Садковдун көздөй адамы кан кудасы Э.Молдоев болуп чыгат.
2014-жылкы шайлоодо, шайлоону уюштурууда атайын кемчиликтер кетип, өздөрү көздөгөн адамды алып чыгуу үчүн ар кандай ыплас технологияларды колдонуп талапкерлердин санын жасалма түрдө 15ке жеткирип ортозаар талапкерлердин алдыга чыгышын камсыз кылган. Мына ошол компаниянын башында андагы министир К.Садыков турганы жөнүндө пикирлер тараган.
Учурда окуу жайдын жамаатында таза шайлоо өтөөрүнө толук ишеним жок. Болбосо университетте эмгектенген 60тан ашык белгилүү окумуштуу илим докторлорунун арасында ректорлука татыктуулар көп эле. Алардын көпчүлүгү (ректорлук амбициясы барлары) 27-майда өтчү шайлоого ишенимдин жоктугунан катышкан жок.
Шайлоодо саясий сламак менен катар илимдин тигил же бул тармагындагы кадыр баркы чоң мааниге ээ. Маселен Россия үчүн МГУ кандай мааниге ээ болсо, Кыргызстанда КУУ ошондой статуска ээ. Эми элестетип көрүнүз МГУга илимдин кандидаты доцент ректор болгонун.
Эн башкысы бийлик чоң шайлоо алдында бармак басты көз кысты кылып күмөндүү кадрларды колдобой жождун административдик иштеринде бардык тепкичти басып өткөн салыштырмалуу жаш кадрларга басым жасаганы оң. Мурдагы шайлоолордо белгилүү болгондой жож системасында бакандай орду бар университетке болгону илимдин кандидаты даражасы, доценттерди бекитип койгонуна ар дайым нааразычылыктар болуп келет.
Ооба Дипломатиялык академия, АУПКР сыякту чакан окуу жайларда кандидат доценттерге деле ректорлук кызмат бап келет. Ал эми КУУдай контингенти чоң, андан калса Улуттук деген статусу бар окуу жайда илимдин кандидатына башкартып коюш бийлике аброй алып келбейт жана азуусун айга жанган 60тан ашык профессор илим докторлору бар, жалпы окутуучулук-административдик курамы 2000ге жакын, 30 минге чукул студенти бар окуу жайда чырдын баары ректорду тен синбегендиктен келип чыгууда. Бул жолу өкмөт маселенин бул жагын да жети өлчөп бир кессе деген тилек.
Булак: "Азия news"