www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акындан аянган алты отургуч

Бишкектеги үй-музейи ачылгандан бери оңдолбогондугу, чатырынын бир бөлүгүн канчалык жамап-жаскалганы менен эки бөлмөсүнө суу өтүп жаткандыгы боюнча Иса Өмүркулов баштаган мэрлерге (2013-жылдан баштап) кат жазып кайрылгандан тажабагандарды соңку мэр Албек Ибраимовдун аппаратындагылар биротоло түңүлттү. «Бишкек-140» мааракесине карата оңдоо иштерине көмөк көргөзүлсө, парктарда алмаштырылып жаткан эски отургучтардан алтоо берилсе, акынга шаардын ардактуу атуулу наамы ыйгарылса деген сунуш-өтүнүчтөр да суу кечпей калды.

Алыкул Осмоновдун үйү шаардын жергиликтүү маанидеги тарыхый эстеликтер тизмегинде экендигине, үйү мэрия менчигинде, акын кыргыз поэзиясьшын классиги жана борбор калаа жөнүндөгү терең мазмундуу ондогон ырлардын авторлугуна деле көңүл бурулбай шаардык бийлик жана аткаруу түзүмдөрүнүн бирине-бири шылтаган, оодара салган сооротмо жооп каттарынан башка жыйынтык чыкпаганы таңдантпайт.

Демек, мэрия бийлиги деле жогорку президенттик аппараттай эле элдир-селдир иштеп жатабы деген күдүк ойдун толкунуна урунат экенсиң…

Булак: «Азия ньюс»

Последние новости