www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор-Арсы жолунан асфальт жегендер

NazarNews маалымат агенттигинин кат куржунуна Кочкор районунун Арсы айылынын элинен кат келип түштү. Анда Кочкор райондук ДЭУда жемкордук иштери болуп жатканы, жолдон жеген жетекчилер тууралуу айтылат. Кайрылуу ээлери жолдон жеген жемкорлор деп эсептеген кызмат адамдарынын аттарын ачык айтып, тиешелүү органдардан мыйзамдуу иш-аракеттерди күтөөрүн билдирген.

“Быйыл Президентибиз Сооронбай Шарипович коррупция менен катуу күрөшөбүз деп айтканы бар эле, бул сөзүнө утурлай өлкө башчыбызгабы же министрлерге болобу жардам катары болсун деп карапайым элдин үнүн жеткиргибиз келди.

Бул сүрөттө турган Кочкор районунун ДЭУсунун начальниги Кубаныч Бейшеналиев караган Кочкор-Арсы жолу мындан бир жыл мурун гана курулган. Өзүңүздөр сүрөттөн көрүп тургандай асфальт болгону 3см гана калыңдыкта куюлган, негизи биздин билишибизче асфальттын калыңдыгы жок дегенде 7-8см болушу керек. Текшерүүчүлөр Кочкор-Арсы жолун барып текшерип көрүшсө болот, сүрөттө көрүнүп тургандай бир жылга жетпей жыртылып, жамалып жатат, асфальттын калыңдыгын өзүңөр көрүп турасыңар.

Мындай башкаруучулар учурда камалып жатат. Кубаныч мырзанын камаларына да аз калды көрүнөт, же чогулткан акчасына качып үлгүрөбү – убакыт көрсөтөт. Бул Кубаныч мырза буга чейин ДЭУнун Сары-Булак айылындагы бригадасын башкарып, ал жакта жакшы жеп, чоңдор менен жакшы мамиле түздү көрүнөт, дароо районго көтөрүп жиберишкен.

Экинчи сүрөттө мотурайган көйнөкчөн жигит Аскарбек уулу Курманбек, берки Кубанычбектин орун басар сыяктуусу, кесиби инженер. Эгер Кубаныч кача турган болсо Курманбекти камап суракка алса кайсы күнү канча асфальтты, канча эл баса турган жолдун жарымын жеп жүргөнүн айтып берет. “Вазир жакшы – хан жакшы” демекчи, Кубанычты үйрөтүп жол көрсөткөн, балким, Курманбектир.

Булардын биз билген иштеринин чети гана. Кочкор-Орток жолу башталгандан бери 2 жыл өтсө да бүтүрбөй келе жатышат. Кочкор-Кара-Суу жолунда битум көп кошулгандыктан, алар жолдун үстүнө чыгып унаалар жолго чапталып араң өтүшөт.

Эгер бул иш тиешелүү органдар тарабынан жакшы каралбаса, Кубаныч мырзага калканч болуп келген атка минерлерди дагы ачыкка чыгарабыз! Жолдон жеген жаман болот! Ошол силер жеген жолдон эртең эл кырсыктаса жооп бересиңер! Көйгөйлөр ага жетпей эле чечилип, жемкорлор эл кырсыктаганча жоопкерчиликке тартылышат деген үмүттөбүз” – дешет кайрылуу ээлери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости