www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-январдан бери Кыргызстанга 7054 адам Кытайдан келген, алардын ичинен 190у кытайлык жарандар, калгандары кыргызстандыктар.

Кытайдан өлкөбүзгө кирген 123 адам коронавируска каршы дарыгерлердин көзөмөлүндө болсо, дагы 591 киши жашаган жериндеги медициналык мекемелердин текшерүүсүнөн өтүп турууга милдеттендирилген.

Ушул тапта коркунучтуу вирусту жугузуп алгандар каттала элек,  эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Эске саклсак, коронавирустан каза болгондордун саны Кытайда дээрлик 1 500 гө жетсе, оорунун жуктургандардын саны дээрлик 64 000ди түздү.  

Ал эми  COVID-19дан  (коронавирустан)  айыккандар 6982ни түздү.

14-февралда биостатист жана эпидемиолог Айра Лонджини коронавирустан Жер планетасынын калкынын үчтөн эки бөлүгү жуктурушу ыктымал экендигин айтты. Анын эсеби боюнча вирус ар бир бейтаптан 2-3 ден соолугу чың кишиге жугушу мүмкүн.

“Анын үстүнө оорунун көбөйүшүн экспресс-тесттин жоктугу да шарттайт. Изоляция менен карантин да бул оорунун токтошуна жардам бербейт”,-деп билдирген ал.

Буга чейин Кытай доктурлары аталган оорудан айыктыруу үчүн эффективдүү жолду табышкандыгын айтышкан эле. Ал ыкма боюнча бейтаптарга коронавирустан сакайган кишилердин кан плазмасын куюшкан. Бул метод оң жыйынтыгын берип, оор абалда турган бейтаптардын абалы 12-24 саатта жакшыра баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости