www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-февралда Сиануквиль камбодж портуна келген Westerdam круиздик лайнердин жүргүнчүлөрү бүгүн эртең менен кемеден чыгып башташты. Бул тууралуу Fresh News маалымат порталы билдирди.

Westerdam лайнери 1455 жүргүнчүсү жана 802 экипажы менен 1-февралда Гонконгдон чыккан. Ал япондордун бир катар портторуна барууга пландаштырылган. Бирок бул пландар Япония тараптар токтотулган. Себеби алар лайнерде короновирус оорусу менен ооругандар бар болушу мүмкүн деп коркушкан. Натыйжада Филлипин, Тайван жана Таиладдын порттору да тыюу салган.

Лайнер бир жумадан ашык азият портторунун жээгине келип токтой алган эмес. Натыйжада Падышалык бийликтин уруксаты менен Камбоджанын портуна токтогон.

Westerdam лайнеринде көбүнчө АКШ(651 адам) жана Канададан(271 адам) келгендер. Ошондой эле, жүргүнчүлөрдүн арасында орус,немец, ангилчан, нидерландыктар жана башка өлкөнүн жарандары бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости