www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 13-февраль күнү кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине  байланыштуу соттук отуруму Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда болуп өттү. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.

Соттук отурумда судья врач-онколог Ормонбек Жакыпбаевди жана М.Эралиеваны суракка алды.

Жумуш күнүнүн аякташына байланыштуу соттук отурум 18-февралга, саат 10:00го жылдырылды.

Эске сала  кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген.

Ал бошотулган күнү эле Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости