www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде коронавирус менен ооругандар катталган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда маалымат берип жатып  билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, вируска кабылгандардын саны 18-марттан бери каттала элек. Учурда Кыргызстандын аймагында коронавирус менен жабыркагандардын саны 3 киши боюнча сакталууда.

Анын айтымында, жалпысынан 142 кишинин анализи алынып, үчөөндө гана коронавирус аныкталган. Кеп кечээ күнү вирус жуктургандар тууралуу болуп жатат. Ошондой эле дагы үч кишинин дене табы көтөрүлүп, ооруканада. Алардын тестинин жыйынтыгы чыга элек. "Коронавируска кабылган жана шектелген кишилердин абалы туруктуу. Керектүү медициналык жардамдарды алып жатышат. Жергиликтүү дарыгерлерге бишкектик медиктер кеп-кеңеш берүүдө", — деди министр.

Эске сала кетсек кечээ, 18-мартта Кыргызстандын аймагында коронавирустун биринчи учуру катталды. Анда 13-март күнү Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости