www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта КРнын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска байланыштуу жыйын өткөрүүдө.

“Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 155 мамлекет катталды. КРда 3 адам катталган. 6 киши ооруканада жатат. Мындан сырткары 3 адам дене табы көтөрүлгөндүктөн дарыланууда. Бул үчөөнөн илдет аныктала элек, жыйынтыгы эртең чыгат.

Умрадан келген жарандардын баары табылды. Учакта 135 киши эмес, изилдөөлөрдөн кийин 144 киши бар болгондугу маалым болду. Анын экөөсү Өзбекстанга чыгып кеткен. Кыргызстандык 142 кишинин баары анализ тапшырган, анын ичинен үчөөнөн гана илдет табылган.  Алардын баары биздин көзөмөлдө турат. Жалал-Абаддагы үч киши менен байланышкан кишилердин баары такталып жатат.

Коронавирус менен жабыркаган үч кишинин абалы канааттандыраарлык. Бейтаптардын дене табы 37, 5 градус болуп жатат, аларда жөтөл жок. Абалдары да кескин начарлап кеткени байкалган жок.

Мындан сырткары Бишкектеги адистер түштүктөгү кесиптештери менен кеңешип жатышат.

Жалал-Абадга бүгүн эки реагент алып барылат жана эң тажрыйбалуу адистер жиберилди.

17-18-мартта Кыргызстандагы бардык дарыканаларга 630 миңдин тегерегиндеги бет кап бердик. Айрымдар дүрбөлөңгө түшүп, сатып алып жатышкандыктан, бир кишиге паспорт менен үчтөн ашык бет кап бербөө эрежесин чыгардык. Бет каптын баасы 10 сомдон болот.

Бет кап чыгаруу үчүн жергиликтүү ишкана менен келишим түзүлдү. 500 миң бет капка келишим түзүлүп, кечинде 70 миң бет кап чыгарылды. дагы келишим түзүлүшү каралып жатат”,-деп билдирди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости