www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 14 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бишкек шаары – 2;
Ош шаары – 1;
Ош облусунда – 3;
Баткен облусунда – 4;
Жалал-Абад облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 2.

Ал эми бир суткада 7 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 23 медицина кызматкери айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 2 миң 981 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 242 медкызматкер айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости