www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өлкөсүндө 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында китепканаларда окурмандардын 289 миң 415 адамды түздү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов онлайн брифинг учурунда билдирди.

"Алты ай ичинде республикадагы китепканаларда окурмандардын саны жалпы 289 миң 415 адамды, виртуалдык окурмандардын саны 2 миллион 200 миң 79, окурмандардын катышы 1 миллион 544 миң 428, билдирмелердин саны 965 миң 385, китептин берилиши- 4 миллион 393 миң 122, өткөрүлгөн иш-чаралардын саны 12 миң 503тү түздү”, - деп билдирди Жаманкулов.

Ошондой эле, азыркы учурда, республика боюнча 1 миң 64 китепкана иштеп жатат. Анын ичинен: Республикалык – 2, облустук – 11, райондук – 39, шаардык-86, балдар китепканасы - 35, айыл жериндеги – 883 жана 8 облусттук китепканалардын филиалдары. Жалпы 2 миң 967 кызматкер эмгектенип, анын ичинен китепкана кызматкерлери 2 миң 230 адисти түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости