www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 10-август күнү саат 09:30 чамасында Кара-Көл шаарынын ички иштер бөлүмүнө шаардык ооруканадан жергиликтүү тургун Т.Ю. үйүндө көз жумганы жөнүндө маалымат түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам топ окуя болгон жерге келип, керектүү процедураларды жүргүзүп, 1954-жылы туулган Т.Ю.нын денесинде зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери бар экендигин аныкташкан. Ал үйүнүн короосундагы төшөктө жатыптыр. Керектүү материалдар чогултулган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, адам өлтүрүүгө шектүү катары 1976-жылы туулган жергиликтүү тургун Д.Ж. кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, эркектер спирт ичимдиктерин чогуу ичишкен. Алардын ортосунда жаңжал чыкты. Кылмышка шектүү маркумду токмоктоп, кетип калган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости