www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 53 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

• Бишкек шаары – 9;
• Чүй облусунда – 5;
• Ош шаары – 8;
• Ош облусунда – 16;
• Жалал-Абад облусунда – 1;
• Баткен облусунда – 11;
• Ысык-Көл облусунда – 2;
• Талас облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2 миң 633 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 305 медкызматкер айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости