www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандагы ооруканалардан COVID-19 дартынан айыккан 1165 адам чыгарылды. Бүгүн, 25-июлга карата эпидемиологиялык абал боюнча коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат берди.

Жаңы айыгып чыккандар:

  • Бишкек шаарында – 609;
  • Чүй облусунда – 141;
  • Ош шаарында – 62;
  • Ош облусунда – 79;
  • Талас облусунда – 26;
  • Нарын облусунда – 44;
  • Ысык-Көл облусунда – 50;
  • Жалал-Абад облусунда – 95;
  • Баткен облусунда – 59.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунан жалпы 19 203 адам айыкты.

Кечээтен бери Кыргызстанда 877 кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

  • Бишкек —257;
  • Ош — 60;
  • Чүй облусу — 71;
  • Ош облусу — 119;
  • Талас облусу — 79;
  • Нарын облусу — 20;
  • Ысык-Көл облусу — 122;
  • Жалал-Абад облусу — 91;
  • Баткен облусу — 58.

Бүгүнкү статистиканы эсепке алганда коронавирус жалпы 32 124 адамдан табылган. Анын ичинен 19 203 бейтап ооруну жеңсе, 1 249у көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости