www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Араван аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Журавой Акимжанов 24-июлда коронавирустан каза болду. Бул тууралу журналисттерге аталган аймактык оорукананын башчысы Усманжан Мамажанов билдирди.

Журавой Акимжанов 1953-жылы 18-августта Араван районунун Араван айылында төрөлгөн. Орто мектепти 1970-жылы бүтүрүп Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырган. 1976-жылы балдар хирургу адистигин алган.

Эмгек жолун 1977-жылы Бишкек шаарындагы №3 балдардын клиникалык ооруканасында балдар хирургу болуп баштаган. Кийин Ош шаардык ооруканасында дарыгер-реаниматолог болуп иштеген.

1980-жылдан тартып Араван райондук аймактык ооруканасында иштеп, 2000-жылдан бери аталган аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келаткан.

«Саламаттыкты сактоонун мыктысы» төш белгисин, бир катар ардак грамоталарды алган.

Журавой Акимжановдун артында жубайы, үч баласы калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости