www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) 2022-жылдын “Тарых жаратуучу” наамына көрсөтүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун соцтармактагы баракчасында айтылат.

Маалыматка ылайык, “Тарых жаратуучу” наамына кыргызстандык эки спортчудан сырткары 2022-жылы эркин күрөш боюнча 57 салмакта дүйнө чемпиону болгон россиялык-албаниялык Зелимхан Абакаров жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 50 кг салмакта дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон япониялык Юи Сусаки көрсөтүлүүдө. Жалпы төрт спортчу катышууда.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 10-18-сентябрда Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Анда Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күчүн сынап, финалда венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыккан. Ал атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, мөөнөтүнөн мурда жеңишти илип кеткен. Мындан улам Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркек балбандар арасында дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу аталган.

Ошол эле мелдешке катышкан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Акжол досунан шык аларын айтып, алтын үчүн кармашта болгариялык Эдмонд Назарянга мүмкүнчүлүк бербестен аны 11:2 эсебинде утуп алган. Шаршенбеков 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынан Кыргызстанга экинчи алтын медаль алып келген балбан болгон.

Буга чейин UWW уюмунун “Тарых жаратуучу” наамына 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова татыган. Тыныбекова ал жылы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 62 кг салмакта дүйнө чемпиону болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости