www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Панфилов районунун электр тармактарына (РЭС) текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Панфилов РЭСинин материалдык жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 1 миллион 605 миң 749 сомдук материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча кылмыш иши козголду.

"Тергөөнүн жыйынтыгы менен келтирилген материалдык чыгымдын баары толук өндүрүлүп, кылмыш иши райондук сотко жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости