www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эс алуучулар Ала-Арча капчыгайына бара жаткан жолдо узун тыгында турбай калышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдап, жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.
"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы жарандар, туристтер жолдо ыңгайлуу жүрүшү үчүн иш алып барууда. Ишкана тараптан жолдун эки тарабына лотоктор орнотулду. Бүгүнкү күндө жол жана тротуарды даярдоо иштери жүрүп жатат. Жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 6 метр, тротуар 2 метрди түзөт. Ошондой эле эки жерге шлагбаум орнотулат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле анда Орок айылындагы Ала-Арча капчыгайына кеткен жол да оңдолгондугу кошумчаланган.
"Урматтуу эс алуучулар, жакында сиз табиятта гана эмес, жолдо да эс ала аласыз", — деди мэриядан.
Булак: NazarNews.kg