www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү тарабынан район аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирет.

Милиция кызматкерлери райондук администрация, ӨКМ, билим берүү бөлүмү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен биргеликте эл арасында коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштерин алып барышты.

Ошондой эле милициянын көчмө кабылдама унаасы менен жайкы эс алуучуларга, анын ичинде жашы жете элек өспүрүмдөргө карата сууга түшүүдө этият болуу керектиги эскертилди. Район аймагында жайгашкан балдар лагери, курорттук жайлар, санаторийлер, көлмөлөр, дарыялар, каналдардын сууга түшүүчү жайлары текшерүүгө алынды.

Ала-Бука РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өздөрү тейлеген аймагындагы суу жээктеринин кооптуу участокторуна эскертүү тактайчаларын орнотушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости