www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова кыргызстандыктар жаңы тариф боюнча электр энергиясына жана жылуулукка канча төлөп калары туурасында айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.

"Эгер сиз бир айда 500 киловатт-саат жаккан болсоңуз, жаңы тариф боюнча 163 сомго көбүрөөк төлөйсүз. Ал эми күз-кыш мезгилинде 1000 киловатт-саатка чейин колдонсоңуз, анда, тескерисинче, былтыркыга салыштырмалуу 92 сом үнөмдөйсүз. Эмнеге үнөмдөйсүз? Азыркы тариф боюнча 700 киловатт-сааттан кийин 77 тыйындык тариф 2,16 сомго жогорулайт. Жаңы баа менен 1000 киловатт-саатка чейин 1,09 сом болот. Эгер айына 2000 киловатт-саат колдонсоңуз, өткөн жылкыдан 268 сомго көп чыгат", — деди Айдарова.

Агенттиктин директорунун орун басары жылуулук үчүн тарифтер кандай жогорулаганы туурасында дагы түшүндүрүп берди.

"Бир бөлмөлүү батирде жашагандар былтыркыдан 204 сомго көп төлөйт. Эки бөлмөсү барлардыкы 279 сомго өсөт. Эгер үч бөлмөлүү болсо (61 чарчы метр) төлөмү 366 сомго көбөйөт. Мындай ыкма менен эсептегенде тиричилик үчүн колдонулган керектөөчүлөргө азыраак күч келет", — деди Айдарова.

Ошондой эле ал жаңы тарифтерди 1-сентябрдан тарта киргизүү пландалып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров апрелде электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүүнү сунуштаган. Башында бийлик калктын жашоо шартына карап категория боюнча тариф киргизүүгө камынган. Бирок кийинчерээк министрлер кабинети баарына бирдей тариф (киловатт-саатына 1,09 сом) коюуну сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости