www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Ала-Бука районунда Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган салтанат чакан топтун катышуусунда белгиленип өттү.

Иш чара "Белгисиз жоокердин" эстелигине гүл коюу менен башталып, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары: Айры-Там айылынын тургуну 94 жаштагы Н.Нармырзаевга менен Баймак айылынын тургуну 94 жаштагы А.Хайдаровго райондук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларынын демилгеси менен уюштурулган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаалар тапшырылып, куттуктоолор жолдонду.

Аталган иш чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Абдыкадыров менен КРӨ нүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков катышып, согушта курман болгон жоокерлерге арналып куран окулду.

Ардагерлер менен катар эле орукта эмгектенген апаларыбызга сый белектер тапшырылды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости