www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 10 миң 817 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 104 адам каза болсо, 5 миң 308 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 5 миң 667 адам (жалпы 104 миң 189);

Москва облусунда - 1 миң 75 адам (жалпы 19 миң 425);

Санкт-Петербург шаарында - 425 адам (жалпы 6 миң 990);

Нижегород облусунда - 294 адам (жалпы 4 миң 180) жана калгандары башка аймактардан.

Россиянын 85 аймагынан жалпы 198 миң 676 адамдан коронавирус аныкталды. 1 миң 827 адам каза болсо, 31 миң 916 бейтап айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости