www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Шамурза Борукулов саясаттагы ак менен караны айырмалай албагандарга ырын арнады.

Бакиевди жаманга чыгаргандар,
Бакиевди кетирип кубангандар.
Бакиевдей боло албай ит болду го,
"Биздин уул" деп даңазалап тапканыңар.

Бакиев Ошко бүлүк салды беле?
Эки улуттун ортосун жарды беле?
Согушка себеп болуп калбайын деп,
Өлкөдөн чыгып кетип калды эле.

Бакиев Кытай тарап барды беле?
Олчойгон карыздарды алды беле?
Дача Сууда от күйүп, жетим ыйлап,
Самолеттун түбүндө калды беле?

Бакиев ТЭЦти уурдап жеди беле?
Бакиев кыргызды-мал деди беле?
Багып койгон согумдай шоферуна,
Президенттик аппаратты берди беле?

Бакиев хан сарайды курду беле?
Миң жылдык мөнгүлөрдү бузду беле?
Жаш өспүрүм балдарын Жапаровдун,
Көк ала койдой сабап урду беле?

Жазуучулар союзун уурдабады,
Музейге колун салып булгабады.
Атамбаев алигече ырдап чыкмак
Бар болсо Бакиевдин уурдаганы.

Таластыкты Көбөшсүң деп атабаган,
Улуту жок паспортту каттабаган.
Бакиев ыйманы бар адам эле,
Белизден фейк документ жасабаган.

Ушак айтып, жалган сүйлөп алдабаган,
Майыпты сотко берип камабаган.
Бакиев өлкө үчүн, эли үчүн,
Бар күчүн, бар билимин аябаган.

Түштүктө элдин баарын топтободу,
Таш төгүп, кош мылтыгын октободу.
Бакиев беш жыл иштеп, бир да жолу
Жаман деп Акаевди поктободу.

Отко айдаса, бокко качкан эл болбойлу,
Келечекке ыйык карап, сак бололу.
Жакшы хан күндө эле туула бербейт,
Бакиевди жаман дешти токтотолу.
Жакшы ханын жаман деген эл жарыбайт,
АШАны ээрчип, адашып жок болбойлу.

Азыр бизде уят барбы, намыс барбы?
Айтпагандай, аягандай эмне калды?
Бакиевдей президент кайра чыкпайт,
Кыргызстанга алып келиш керек аны.

Булак: NazarNews.org

Последние новости