www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала Бука РИИБнин кызматкерлери жергиликтүү айыл өкмөт башчылары, билим берүү, балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте “Лидер” ыкчам алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мектеп рекетчилигинен жана топтошуп мушташуулардан алыс болууга үндөп, мыкты билим алууга чакырышты.

Мындай профилактикалык иштер Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери тарабынан дагы жүргүзүлүп, Карача айылындагы №8 мектепте ата-энелер менен жыйын өткөрүлдү. Өспүрүмдөрдү түнкү убакыттарда зарыл жумуш болбосо көчөгө чыгарбоо керектиги эскертилип, мектептен сырткары убакыттарда ар дайым жаштарды көзөмөлгө алуу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында окуучулар арасындагы волейбол, баскетбол уюштурулуп, жеңүүчүлөр сыйланышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости