www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул маалымат интернетке тарады. Мекенчил жигиттер бул маселени жеринде барып, Өзбекстанга өтүп кетти деген жерлерди тасмага тарткан соң, ушундай маалымат таратышкан. Маалыматта: Ала-Бука районунун Көк –Серек Ажек айылынын көптөгөн гектар жерлерин Өзбекстан өздөштүрүп алганы айтылган. 2000-жылдары Өзбек тарап чек арасын тактап баштаганда , чек ара минимум 5 км ары жакта экен. Ошол жерлерде зым сеткалар тартылыптыр. Анан эле биздикилер Ажек тарапты унутушканда, булар келип, жол салып, эки айылдын ортосундагы тоонун боору менен жол салып башташыптыр. Ал тоодогу жол эми кайда барат дебейсиңерби? Эч жакка жөн эле салымыш болуп жатышыптыр. Кыргызстандын эки айылынын ортосундагы тоо. Ошол тоону алып коюшуптур. Балким бул тоодо биз билбеген миллиярддаган сомго барабар алтын, күмүш, нефть жаткандыр. Булар жөн эле салышмак эмес. Ошол тоонун астындагы байлыкка кызыгып жаткандыр балким. Кароосуз калган кандай жерибиз болсо булар басып алышкан экен.
Ушул эле жердин “Камчатка” деп аталчу 80-90 гектар ( балким мындан бир топ эле көп) айдоо жерибиздин өтүп кеткени аныкталды. Айдоо жердин ортосунан жол салып алышыптыр.
Бул жерлер илгери колхоздун жери болуп, ага буудай, арпа, себилчү экен. Алар жыйналып алынган соң, колхоздун кампасына алып барып төгүшүп, кийин союз тараган соң, бул жерлерди Өзбекстандан чыккан, дыйкандар арендага алып иштетишчү экен.
Чек араларды тактай баштаганда “Камчаткадагы” тоонун астынан тарткан экен Озбекстан зым сеткасын. Анан кантип эле булар биз жакка өтүп кетти таң калыштуу.
Жалпысынан элдердин айтымында 200-300 гетар жер Өзбекстан тарапка өтүп кеткен.
Бул маселени албетте карап чыгуу керек.
Аянты чөн жер мындай болбойт
Булак: Багыт.кg