www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Райондук прокуратура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ала-Бука Райондук Мамлекеттик Администрациясы билдирди.
Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан, 2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 2023-жылдын апрель айында жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү жөнүндөгү" N 3-К сандуу көрсөтмөсүн аткаруу максатында, Ала-Бука районунун Т.Балтагулов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү орто мектебинде, жашы жете элек жаш өспүрүмдөр, мугалимдер жана тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте жолугушуу өткөрүлүп, окуучуларга жана мугалимдерге жолдон өтүү эрежелери жана алдыдагы окуу өргүүсүндө кооптуу аймактарга баруудан жана бүтүрүү кечелерин өткөрүү менен бирге унааларды топтоштуруп (кортеж) иш-чара өткөрүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага райондун прокурору Чынгыз Осмоналиев, прокурордун коомдук жардамчысы Мамадижошо уулу Бабурбек, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Атамырза Баймуратов, райондук ички иштер жана жол коопсуздук кызматынын кызматкерлери, окуучулар жана мугалимдер катышты.
Ала-Бука районунун прокурору Чыңгыз Осмоналиев өз сөзүндө, жолдо жүрүү эрежелерин мыкты деңгээлде өздөштүрүү керектигин, жолдон өтүүдө атайын жол тилкеси менен гана өтүүнү, жөнгө салынган жана салынбаган кесилиштерден өтүүдө, дыкаттык менен көңүл бурууну, жол кыймылынын бузулушун алдын алууну, авариялык жагдайларга алып келүүчү кыймыл аракеттерден алыс болууну жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде көрсөтүлгөн бузууларды жасоодон алыс болууну, эгерде укук бузуу жана кылмыштуулук жасалган учурда сөзсүз жаза чарасы колдонула тургандыгын эскертип өттү. Соңунда окуучуларга жана мугалимдерге жайкы окуу өргүүсүн мыкты деңгээлде өткөрүп алуусун жана алдыга койгон максаттарга жетүүдө чоң ийгиликтер жарала берүүсүн каалады.
Булак: NazarNews.kg