www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бу тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында 1-июнь күнү түндө саат 02:00-03:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Ак-Башат сел сайынан жана Өрүктү-Сай суусунан сел суулары ашып кеткен.

Ак-Башат сел сайынан келген сел суулары Өрүктү-Сай айылынын жогору тарабынан өткөн Эшме суугат каналына курулган түтүкчөдөн ашып, 1 турак жайдын короолоруна кирип, там аркаларындагы эгилген бак дарактарын кулаткан.

Өрүктү-Сай суусунан келген сел суулары оң жээгинде жайгашкан 2 турак жайдын короолоруна кирип, 1 кожолуктун үлүш аянттарынын жээктерин жеп, эгилген бак дарактарын алып кеткен.

Колоттордон агып келген сел суулары Өрүктү-Сай суусуна кошулуп, сайдан ашып, сайдын сол жээгиндеги 1 турак жайдын короосун каптап (2006-жылы КР ӨКМ тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн) үйдүн арткы дубалы кулап түшүп, авариялык абалга келген. Ал турак үйдө учурда эч ким жашабайт, көп жылдан бери кароосуз калган. 4 кожолуктун үлүш жерлеринин жээктерин сел суулары жеп кеткен.

Жабыркагандар жок.

Өрүктү-Сай суусунун нугун буруу, түздөө жана сайдын жээктерин бекемдөө жумуштары аткарылган, ага райондук №17 жол тейлөө ишканасынын 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылган. Тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости