www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик деңгээлдеги жүрөк өйүткөн орчундуу маселелер болсо калктын назарына салыңыз деген максатта «Бир собол» рубрикасын сунуштайбыз. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов көтөргөн өтө олуттуу маселени таразага салып, өкмөттүн кенебестигинин аркасында олчойгон суммадагы карызга батканы турганыбыз боюнча коңгуроо кагабыз. Анда депутаттын айткан сөзүн төмөндө өзгөртүүсүз беребиз.

2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан CASA-1000 долбоору боюнча келишимди ратификация кылып бергенбиз. Аталган келишим боюнча кыргыз мамлекети Ооганстан менен Пакистанга жыл сайын 1,5 млрд. кВт электр энергиясын өндүрүп бериши керек. Эгерде кыргыз тарап келишимде көрсөтүлгөн электр энергияны бере албай калса, көрсөтүлгөн баа боюнча тигил тарапка биздин өлкө төлөп берет. Алар суу болобу, болбойбу, ага карабайт, ал келишимде көрсөтүлгөн эмес. Кандай гана кырдаал болбосун жыл сайын 1,5 млрд. кВт энергияны беришибиз керек. Баарыбыз билгендей, биздин энергетика сууга байланыштуу. Төрт-беш жыл көп келет, бирок тарых көрсөткөндөй айрым жылдары кургакчылыктан улам суу аз болот. Ошондой учурда биз өзүбүздү-өзүбүз камсыздай албай, сырттан сатып алганга муктаж болуп жатабыз. Мындайча айтканда, Кыргызстан өзүн-өзү камсыздай албай калды. Ушунун айынан сырттан келген инвесторлор ишкана же завод ачуу үчүн РЭСтерден талап кылынган көлөмдөгү энергияны камсыздоосун сураса, алар макулдугун бералбай жатат.

Мен ушул боюнча маселе көтөрүп, CASA-1000ди ратификация кылып, келишимди түзүп алдык, эми 2020-жылы энергияны сатышыбыз керек. Бирок биз өзүбүздү камсыздай албай жаткан учурда кайсы энергияны беребиз. Эгерде биз 3 жылдын ичинде аракет кылбасак, чоң суммадагы акчаны төлөп калышыбыз мүмкүн деген суроону Энергохолдингдин жетекчисине жолдосом ал: «Токтогул ГЭСин реконструкция кылып кошумча 120 мегаватт энергия, Бишкек ТЭЦти мобилизация кылып ал жерден 60 мегаватт энергия, анан Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги 2-агрегатты иштетип энергия алып, кырдаалдан чыгабыз», — дейт. Эми карап көргүлө, CASA-1000 боюнча энергияны биз май айынан баштап сентябрга чейин беришибиз керек. Бул жаз жана жай мезгилдерине туш келип жатат. Эгерде биз Токтогулду ошол маалда иштетсек, анда биз кышта сууну кайдан топтойбуз? Жаз менен жайда сууну коротуп койсок, өзүбүзгө энергияны кантип өндүрөбүз? Экинчиси, Камбар-Атанын 2-агрегаты ишке кире элек, качан кирери белгисиз. Үчүнчүсү, жай мезгилинде Бишкек ТЭЦти иштетсек, жылуулукту кимге беребиз? Түшкөн акча чыгымды актайбы? Айтор бул иште өкмөт өзүнүн чабалдыгын көрсөтүүдө. Тез арада буга кам көрбөсөк, 2020-жылдан баштап чоң чыгымды төлөп калабыз.

Булак: "Памир Манас"

Последние новости