www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-майда Ала-Тоо аянтында Энелер күнүнө арналган ачык асман алдындагы музыкалык кече өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестринин аткаруусундагы музыкалык чыгармалардан ырахат алышты.

Концерттик программада эл аралык жана ата мекендик репертуардан белгилүү чыгармалар, анын ичинде Gipsy Kings — «Bamboleo», Ron Sebregts, ABBA GOLD, Bruno Mars — «Uptown Funk», Leonid Friends — «In the Stone», «Кара-Жорго», «Праздничная увертюра» жана башка популярдуу чыгармалар аткарылды.

Майрамдык кечеде Кубаныч Алиев, Бакыт Ыбыкеев, Кайрат Примбердиев, Замир Арыкбаев жана Съездбек Искеналиев шаар тургундарына майрамдык ыр десте сунушту.

Белгилей кетсек, энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Последние новости