www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нааразы болгон «Тазалыкчыларга» мэрия жооп берди

Бишкек мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы боюнча түзүлгөн кырдаалга комментарий берди.

15-майда «Тазалыктын» кызматкерлери айлык акынын төмөндөшүнө байланыштуу митингге чыгышкан.

Мэриядан билдиришкендей, окуя болгон күнү ишкананын жетекчилиги жамаат менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айлык акы боюнча маселелер жөнгө салынды.

Эмгек акы Бишкек мэриясынын 2023-жылдын 31-январындагы бекитилген жобосунун негизинде чегерилет. 2026-жылдын 11-февралынан тартып базалык ставкага карата жогорулатуу коэффициенттери 50%га көтөрүлгөн.

Бул өсүштөн кийин кызматтык айлыктар төмөнкүдөй болду:

- тазалоо жана катуу тиричилик калдыктарын (КТК) ташуучу айдоочулар — 46 570 сом (жогорулатууга чейин — 31 046 сом), зыяндуу эмгек шарттары үчүн 25%дык үстөк акы — 11 642 сом;

- тазалоо жана КТК ташуучу жүктөгүчтөр — 40 128 сом (жогорулатууга чейин — 26 752 сом), зыяндуулугу үчүн 40%дык үстөк акы — 16 051 сом;

- КТК ташуучу айдоочулар бир тоннасы үчүн 169 сом (мурда — 135 сом), жүктөгүчтөр бир тоннасы үчүн 156 сом (мурда — 125 сом) өлчөмүндө акы алышат;

- оңдоо цехинин кызматкерлери (слесарь) — 42 240 сом (жогорулатууга чейин — 25 525 сом), зыяндуулугу үчүн 25%дык үстөк акы — 10 560 сом;

- мотористтер, газ жана электр менен ширетүүчүлөр жана автоэлектриктер — 46 464 сом (жогорулатууга чейин — 28 160 сом), зыяндуулугу үчүн 25%дык үстөк акы — 11 616 сом.

Мэрия кошумчалагандай, эмгек акы иш жүзүндө иштелген дем алыш жана майрам күндөрүнө жараша болот, алар Эмгек кодексине ылайык эки эселенген өлчөмдө төлөнөт.

«2026-жылдын март айында мындай күндөр 7, апрелде 4өө болгон, ошондуктан бул айлардагы маяна иштелген нөөмөттөрдүн санына жараша болду. Эсептөөлөр штаттык ырааттама жана жумуш убактысын эсепке алуу табелдери боюнча жүргүзүлөт, текшерүү төлөмдөрдүн тууралыгын тастыктады», - деп билдирди мэрия.

Последние новости