www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыргалаңдагы “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортуна иштөө үчүн кызматкерлерди тандоо боюнча сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бош жумуш орундары боюнча сынак 20-февралда жарыяланган. Документтер 15-мартка чейин кабыл алынды. Мында 200дөн ашык арыз келип түшкөн.
Документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгында талаптарга 60 талапкер ылайык келип, алардын ичинен маектешүүнүн жыйынтыгында 20 адам тандалып алынды.
Тандоонун акыркы этабы 24–25-март күндөрү Каракол шаарында өткөрүлдү. Ага 45 талапкер катышты.
Талапкерлерди баалоо ишин 9 адамдан турган комиссия жүргүздү. 3–4 күндүн ичинде кабыл алуу боюнча акыркы чечим кабыл алынат.
Сынактын жыйынтыгы боюнча 20 талапкер асма аркан жолдорун куруп жаткан Doppelmayr компаниясы тарабынан окуудан өткөрүлөт.