www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылына карата 1-класска кабыл алуу электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул үчүн “Электрондук каттоо” санарип системасы ишке киргизилген. 

Агартуу министрлиги бекиткен тартипке ылайык, мектепке 2019 жана 2020-жылдары төрөлгөн балдар кабыл алынат. 8 жаштан улуу же документтери жок балдар атайын комиссиянын чечими менен кабыл алынат.

Каттоо эки этап менен өтөт. Биринчи этап 2026-жылдын 1-апрелинде саат 10:00дө башталып, мектептин аймагында каттоосу бар балдар кабыл алынат. Экинчи этап 1-июнда башталып, бош орундарга каттоого карабастан кабыл алуу жүргүзүлөт. 

Балдарды каттоо 1mektep.edu.gov.kg платформасы аркылуу жүргүзүлөт. Система балдардын маалыматтарын автоматтык түрдө иштеп чыгып, “Түндүк” аркылуу текшерет. 

Белгилей кетсек, 1-класска кабыл алууда тест, экзамен же маектешүү өткөрүүгө тыюу салынат.

Последние новости