www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай Эл Республикасына жумушчу сапары менен барып, кубаттоочу станцияларды жана энергия сактоо системаларын орнотуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында, кытайлык алдыңкы энергетикалык жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү.
Иш-сапардын жүрүшүндө энергетика министри Таалайбек Ибраев Жухай шаарында жайгашкан өндүрүштүк заводко жана ShuiFa Group корпорациясына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда энергетика министри менен Парткомдун мүчөсү, Шуйфа корпорациясынын директорунун орун басары Янг Биндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишкер ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Шуйфа корпорациясынын ортосунда энергетикалык инфраструктура, анын ичинде заряддоо станцияларын жана энергияны сактоо системаларын өнүктүрүү жаатында кызматташууга багытталган өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлду.
Меморандумга кол коюу Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоого жана туруктуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болду.
Мындан тышкары, иш сапардын алкагында энергетика министри Т.Ибраев NUCL New Energy Tech компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Юлинь Лян менен жолугушуу өткөрдү. Анда электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү, заманбап чечимдерди ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.
Энергетика министри Кыргызстанда оротулуп жаткан электр заряддоо станциялар тууралуу маалымат берип, аларды орнотуу, заманбап технологиялар менен колдонуу жана өнүктүрүү учурдан талаты экенин баса белгиледи.
NUCL New Energy Tech компаниясынын өкүлү Энергетика министрлиги менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Кыргызстандан барган делегация электромобилдер үчүн заряддоочу станцияларды чыгарууга адистешкен Zhejiang Anfu Energy компаниясынын өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар жабдууларды жеткирүү жана технологияны локалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашып, мындан ар кызматташуунун багытын макулдашты.