www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө кызыктай эле көрүнүштөр орун алууда. Мыйзам бийлик башындагы төбөлдөрдүн маанайына жараша ар кандай өңүттө, тандалма иштеп калды. Өзгөчө акыркы кездери ишкерлер катуу жапа чегишүүдө. Бийлик ишкерлерге шарт түзүүнүн ордуна камап, кысып жүдөтүп жиберди. 

Алсак, ошол эле ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун жеке менчик "Аю" ишканасын мамлекет конфискация кылганы. "Үмүт" ишканасынын ээси Журат Абдуллаевди камап, 800 миллион сомун алып коюшкан, "Абдыш-Ата" ишканасына болгон текшерүү. Айтор, айта берсе көп. Бул жагдай инвестициялык климатка өтө чоң терс таасирин тийгизип жатат. 

Мына дагы бир ишкер, өнөктөштөрү менен бирге камакка алынды. Тактап айтканда, Биринчи май райондук соту жеке ишкер Улукбек Тилектешовду жана бир нече өнөктөшү делген адамдарды УКМКнын СИЗОсуна эки айга камакка алды. Эскерте кетсек, Улукбек Тилектешов өрттөнүп кеткен башкы прокуратуранын ордуна "Ala-Tower" бизнес борборун курмак. 

Деги эле президентке жакындаган адамдар кылмыш иши козголуп, камалып кеткен окуялар көп болууда. Күнгө жакын болсоң, күйүп кетесиң деген ырас окшойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости